Улуттук госпиталдын урологиялык илимий борборунда үч бейтапка акысыз операция жасалды. Бул тууралуу хирург-уролог Болот Рысбаев билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жайда лапароскопиялык (хирургиялык операциянын жаңы ыкмасы, мында операциялар бычаксыз, 05 – 1,5 см тешик аркылуу эле жасалат — ред.) урология боюнча мастер-класстар өтүлгөн. Аны россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөргөн. Бүгүн, 30-августта, дагы эки операция акысыз жасалат.
«Мастер-класста көрсөтүлгөн лапароскопиялык операциянын жаңы ыкмасы жергиликтүү урологдор үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Тажрыйбабызды эми практикада колдонобуз», — деди Рысбаев.