Бишкекте тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушу аныкталып, Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан курулуш иштери токтотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен «Алим Капитал» ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди.
Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берилип, айып салынат.