Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Дордой” соода-базарынын аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстандын базарларына жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн атайын иликтөөнүн натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган. Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык) жана диний адабияттар табылган.
КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Н.А.Ж. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.