Бишкекте “Ядролук куралды жайылтпоо режимин бекемдөө” аттуу эки күндүк регионалдык семинар өз ишин баштады. Бул туралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Семинарга КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, БУУнун Азиядагы жана Океаниядагы тынчтык жана куралсыздануу боюнча аймактык борборунун директору Дипаян Басу Рэй, Ядролук сыноолорго толук тыюу салуу жөнүндөгү келишимге даярдык көрүү комиссиясынын жооптуу катчысы Роберт Флойд, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Орусиянын, Беларустун, Кытайдын, Пакистандын жана Ирандын тышкы саясат бөлүмдөрүнүн, илимий уюмдарынын жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Асеин Исаев Борбор Азияда ядролук куралсыз аймак түзүү келишиминин төрагасы катары Кыргызстан тарабынан аткарылган иштер жана коомчулуктун, өзгөчө жаштардын куралсыздануу маселелери боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатууга багытталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 5-мартты «Куралсыздануу боюнча маалымдуулуктун эл аралык күнү» деп жарыялоо боюнча резолюциясынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.