Бишкекте ымыркайын баштыкка салып, башка бирөөнүн короосуна таштаган 20 жаштагы кыз милицияга жеткирилди.
Ленин райондук милициясынан билдиришкенжей, 19-ноябрда болжол менен 22:45тер чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунда Кара-Кужур көчөсундөгү үйлөрдүн биринин короосунан баштыкка салынган ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Учурда ымыркай ооруканада, баланын абалын төрөт үйүнүн кызматкерлери көзөмөлдөөдө.