Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.
Ал белгилегендей, быйыл борбор калаанын ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында пландалган масштабдуу иштерге байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт.