"Эркин-Тоо"

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки автобус сүзүштү

Бишкекте бүгүн  саат 08.20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель  көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобус кагылышкан. №49 автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай калып, алдыда жүргүнчүлөрдү салып жаткан №145 автобусту сүзгөн.

Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.