"Эркин-Тоо"

Бишкекте жаңы автобус каттамы ишке кирет

 Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» мамлекеттик ишканасы (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы болмокчу.

Автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт. Каттамга 25 автобус чыгаруу пландалууда, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен Алма — Ата көчөсүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети («Бишкек автобекети» МИси) уюштурулган. Бөлүнгөн аянт 5 гектарга жакын.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!