Бүгүн 2024-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жалпы наркы 420 миллион сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланат.