Бүгүн, 27-ноябрда, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.
Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинди, Беларусь лидери Александр Лукашенкону, Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевди жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду тосуп алды.
Саламдашуу аземинен кийин ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүүлөр залына бет алышты.

