"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте Жаштар Кеңеши санариптик интеграция боюнча конференция өткөрдү

Бишкекте С5+1 Жаштар Кеңеши «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдор» темасында илимий конференция өткөрдү. Иш-чара Борбордук Азиядагы Америкалык университетте өтүп, жаш ишкерлер, изилдөөчүлөр жана жарандык коом өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

Катышуучулар эл аралык санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы сунуштары менен бөлүштү. Долбоор жетекчиси Акмалжон Ахмеджонов бул изилдөө мамлекеттик мекемелер жана эл аралык уюмдар үчүн саясаттык жол көрсөтмө катары кызмат кыларын белгиледи.

Конференция АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашкан С5+1 Жаштар Кеңеши долбоорунун алкагында уюштурулду.