"Эркин-Тоо"

Бишкекте жогорку окуу жайдын имаратына уурулукка кирген жаран кармалды

Бишкекте жогорку окуу жайлардын бирине уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүү 1963-жылы туулган Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну. Ал окуу жайдын имаратына  кирип, баасы 73 миң сомдук компьютердин жабдыктарын уурдап чыгып бара жаткан жеринен кармалган.

Бишкек шарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө билдирип, Ошол замат ыкчам кармоо тобу жиберилген.

Кармалган жаран Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!