"Эркин-Тоо"

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда

Бишкекте “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жибек-Жолу проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн батыштан чыгышты карай Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабындагы кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Осмонкул көчөсүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу преспектисине чейин 2024-жылга карата жолдорду капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, “Бишкек Парк” соода борборунун маңдайындагы, Кулатов – Ж.Пудовкин, Л.Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Валиханов көчөсү 1а/1 дарегинде, Ахунбаев-Токтоналиев, Орозбеков – ЧЧК, Байтик баатыр — А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кемчиликтерди жоюу иштери жүрүүдө.

Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жолдун деңгээлине темир торду көтөрүп, чуңкур асфальт-бетон аралашмасы менен толтурулду.

Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай базарынын жанындагы жолдун негизин темир-бетон менен бекемдеп оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!