Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясынын имаратынан кайрадан бомба изделүүдө.
Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, бүгүн саат 09:50лөр чамасында 102 кызматына мектепке кайрадан бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Свердлов райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынды. Мектеп окуучулары жана мугалимдер эвакуацияланып, жеринде ИИМдин кинологдору иш алып барууда.
Эске салсак, күн мурун аталган мектептин имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, бирок аталган факт тастыкталган эмес.