Бишкекте 4 курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын муниципалдык инспекциясы «Профит-Экспресс», «Турпан Строй», «Рояль Констракшн», «Авангард Стиль» курулуш компанияларына тазалыкты сактабагандыгы үчүн 92 миң сом суммасында айып салды.
Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.
Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.