"Эркин-Тоо"

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты жабылды

Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты бүгүн саат 15:00дөн тарта жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Аянт 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин жабык болот.

Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.

Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!