Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун жаңы автопаркы ишке кирди.
Аталган жайдын жалпы аянты 5 гектарга жетет. 1960-жылы курулган.
Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын аймагында жайгашкан жайда оңдоо иштери жүргүзүлүп, эски автобустар алынып, жарактан чыгарылган. Мындан тышкары башкармалыктын аймагы кеңейтилип, жаңы автобустарга даярдалган.
Ошондой автопарктын аймагында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлейт, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлө. Бул өз кезегинде линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездетет.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келет.