Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, бүгүн, 20-январда саат 15:31де Азия Mall соода борбордун ичине бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү чалуу түшкөн. Жерине барган ыкчам топ жана УКМКнын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун сактоо максатында имаратты курчоого алып, ичиндеги адамдарды эвакуациялашты.