"Эркин-Тоо"

БИШКЕКТЕГИ ЧЫГАШАЛУУ ТРОЛЛЕЙБУС ОШКО БАРГАНДА КИРЕШЕЛҮҮ БОЛУП КАЛДЫБЫ?

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлү Чыгыш, Орто жана Батыш Азия энергетика секторунун директору Жунхо Хван жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Бишкек шаарындагы троллейбустардын ордуна электробустар келиш керек деген мэриянын маалыматын четке какты. Ал билдиргендей, Бишкек мэриясы менен АӨБ ортосунда 120 электробус толугу менен троллейбустарды алмаштырат деген келишим жок экен. Троллейбус менен электробустар калкты ташууда бирин-бири толуктап турушу керек дейт банктын өкүлү. Андан калса, мэрия шаардык маршруттан сүрүп таштаган троллейбустарды эски деп айтууга али эрте дешүүдө. Себеби, троллейбустардын акыркы партиясы 6-7 жыл мурун эле Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын кредитинин негизинде сатып алынганын айтышат. Ал эми троллейбустардын иштөө мөөнөтү 20 жыл экен. Ошону менен бирге банктын өкүлү өз билдирүүсүндө Ванкувер, Прага, Таллин, ал тургай кошуна Алматы шаарларын мисалга келтирип, аларда жүргүнчүлөрдү ташууда троллейбуска басым жасашып жатканын фактылар менен келтирген.

Президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, республикада электр энергиясын жана газды колдонгон унаалардын санын көбөйтүүгө шарттар түзүлүшү керек эле. АӨБдүн өкүлүнүн маалыматы боюнча тескери процесс байкалып, электр менен жүрүүчү унаалар кыскарып, тагыраак айтканда, Бишкекте ишин токтоткон 183 троллейбустун ордуна 120 гана электробус келиптир. Алардын жүйөсү: троллейбустарды жоюунун пайдасы жок болчу. Бишкек дүйнөдөгү троллейбус тармагы эң өнүккөн ТОП-20 шаардын катарына кирерин баса белгилешет. Ошондуктан Бишкек аскердик полигонунда сакталып турган 50 троллейбусту ишке киргизүүнү туура көрүшөт. Эң кызыгы, АӨБдүн өкүлү троллейбустарды шаардык транспорттон чыгаруу чечими жергиликтүү муниципалдык бийлик тарабынан бир тараптуу кабыл алынганын, ал чечимди кабыл алууда АӨБ расмий да, расмий эмес да катышкан эместигин билдирди. Бул маселе Президентке жетишин суранат банктын өкүлү.

Эмне үчүн банктын өкүлү “болору болуп, боёгу канып калганда” бул маселени көтөрүп чыкты деген суроо жаралат. Анткени, өткөн жылдын 29-августунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүү сунушун жактырышкан. Калаа тургундары шаардык кеңештин чечимине каршы болуп, сотко доо арыз менен кайрылышкан. Троллейбустарга караганда электробустар төрт эсе кымбат турарын айтып чыгышкан активисттер болгон. Бирок, сотко кайрылуу иштери, активисттердин пикири дагы көңүлдүн сыртында калды окшойт. Ошол учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын жыйынында шаардык ишкананын балансында 144 троллейбус бар экенин, айрымдарын электр менен жүрүүчү автобустарга өткөрүү пландалып жатканын, троллейбус линияларынын 70%ынын иштөө мөөнөтү аяктаганын, линияларды алмаштыруу бир метри 8 доллар, тагыраагы кымбатка турарын, ошондуктан, троллейбустардан арылуу керектигин билдирген экен. Бул маселенин бир жагы.

Экинчиден, Бишкек шаарынын жетекчилиги троллейбустан арылуунун жолун таап жатса, Ош шаардык мэриясы шаардагы транспорттун санын көбөйтүү, экологияны жакшыртуу максатында Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы менен жалпы наркы 23 млн евро суммасына барабар кредиттик келишим түзүп, троллейбустарды сатып алууга кызыкдар болуп жатышат. Кредиттик келишимдин долбоору ушул айдын башында Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралды. Комитеттин жыйынында депутат Улугбек Ормонов, “Баш калаада экологиялык таза транспортту арылып жатса, а эмнеге экинчи шаарда насыяга ошол эле транспортту алып жатат?” деген суроону кабыргасынан койгон. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, учурда шаардык каттамда 28 троллейбус иштеп жатат, дагы 75 унаанын каттамга чыгышы үчүн жаңы линияларды курууга каражат керек болуп жатканын билдирген. Вице-мэрдин айтканына караганда, троллейбус кирешелүү унаа катары эсептелет экен. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, троллейбус күнүнө 4900 сом киреше тапса, чыгашасы 900 сомду түзөрүн билдирген. Жол киреси болгону 10 сом экен. Бир сөз менен айтканда, Бишкек шаарындагы чыгашалуу деген троллейбустар, Ош шаарына барганда кирешелүү болуп калганы таң калтырбай койбойт.

Суроо жаралат: Эгерде Бишкек дүйнөдөгү троллейбус тармагы эң өнүккөн ТОП-20 шаардын катарына кирсе, эмне үчүн мэрия, шаардык кеңештин депутаттары шашылыш чечим кабыл алышты? Троллейбус экологиялык жактан таза унаа каражаты экенин техникалык жогорку окуу жайынын адистери өз пикирлерин айтышыптыр. Ал дагы көңүлдүн сыртында калып кеткендей. “Калк айтса, калп айтпайт” демекчи, шаар тургундарынын каршы пикирин эске алган эч ким болгон эместей. АӨБдүн өкүлүнүн маалыматын эске ала турган болсок, мөөнөтү бүтө элек троллейбустарды “эскинин” катарына кошуп койгон жетекчилер жоопкерчилик тартышы керек анда. Же транспорт каражаттары боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жоктугунан ушундай баш аламандыктар болуп жатабы?! Буга ким жооп берет?!

Шекербек Калыков