Биздин жашообузда туура чечимди кабыл алуу керектелген эң маанилүү учурларыбыз болот. Ошондой учурлардын бири – бул өзүң ылайык көргөн туура кесипти тандоо. Эгерде адам өз кесибин жактырып, жүрөгүнө эң жакынын тандаса, бул анын өмүр бою кылган ишинен ырахат алып, бактылуу жашоосуна себепчи болот эмеспи.
Бүгүнкү күндө түрдүү кесиптер бар. Алардын арасында абдан баалуу жана ошол эле учурда өтө оор кесиптердин бири дарыгерлик болуп саналат. Мындан улам ары татаал, ары түйшүктүү тармакты аркалаган дарыгерлердин жумушунан алган канагаты канчалык деңгээлде деген суроо туулат. Бул суроого жооп алуу үчүн мен Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарындагы дарыгерлер арасында чакан сурамжылоо (анкета) жүргүзүп, илимий изилдөө жасоону туура көрдүм.
Дарыгерлердин жумушунан канааттануусу — саламаттыкты сактоо тармагында иштеген дарыгерлердин эмгек шарттарын, ал шарттардан канааттануу деңгээлин жана түрдүү каалоолорун аныктап, баалаган маанилүү изилдөө темасы. Мындай изилдөөлөр дарыгерлердин иш учурундагы абалын түшүнүүгө түрткү берүү менен бирге саламаттыкты сактоо мекемелеринин сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү маалымат булагы болуп эсептелинет.
Жалпысынан дүйнө жүзүндө саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жумушунан канааттануусу боюнча көптөгөн изилдөөлөр бар. Бирок анын ичинде дарыгерлерди өзүнчө анализдеген илимий иштер аз. Биздин өлкөбүздө болсо бул темадагы изилдөөлөр дээрлик жокко эсе. Ошол себептен Кыргызстанды изилдөө жүргүзүлгөн аймак катары алып, маалыматтарга жетүү үчүн мүмкүнчүлүккө жараша Бишкек шаарындагы мекемелерге анкета тараттык.
Изилдөө 2022-2023-жылдар аралыгында 20 дарыгерге орус тилинде түзүлгөн анкетаны таратуу аркылуу жүргүзүлүп, жыйынтыгы SPSS 20 программасынын жардамы менен аныкталды. Анализдин суроолору 2 бөлүктөн туруп, биринисинде демографиялык өзгөчөлүк боюнча 5 суроо: жынысы, жашы, иш тажрыйбасы, иштеген мекемеси (мамлекеттик, же жеке менчик) жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу суроолор берилди. Ал эми экинчи бөлүгүндө дарыгердин жумушу анын башка иштерге жетишүүсүнө тоскоол болуп болбогону, кесиби эл ичинде сыйга татууга өбөлгө түзүп түзбөгөнү, жумуш убагын жакшы өтөт деп эсептеп эсептебегени, өзүн күн сайын чарчаңкы сезип сезбегени, эмгек шартына канааттанып канааттанбаганы, өз кесибин өз каалоосу менен тандап тандабаганы, өз кесибин өзүнө дал келет деп ойлоп ойлобогону, жумушта зомбулукка (психологиялык жактан) кабылып кабылбагандыгы, жетиштүү айлык алып албаганы тууралуу суроолор камтылды.
Сурамжылоого катышкан дарыгерлердин 60%ы (Саны:12) аялдар жана 40%ы (Саны:8) эркектер. Аларды жаш курагы боюнча бөлө турган болсок, анкета суроолоруна жооп бергендердин 25% (Саны:5) пайызы 30 жашка чейинки жана 55-60 жашка арасындагы дарыгерлер. 15%ы (Саны:3) 43-48 жана 37-42 жаш арасындагылар. 67 жаштан жогорулар 10%ды (Саны:2) түзсө, 31-36; 49-54; 61-66 жаш арасындагылар 5 пайызды (Саны:1) түздү.
Дарыгерлердин 80%ы (Саны:16) үй-бүлөлүү, 20%ы (Саны:4) бойдок жана 10 дарыгер мамлекеттик ооруканада жана 10 дарыгер жеке ооруканада иштешет. Иш тажрыйбасы боюнча сурамжылоодо дарыгерлердин 25%ы (Саны:5) 1-5 жылдык тажрыйбасы бар экендиги белгилүү болду. 20%ы (Саны:4) бул тармакта 21-25 жылдан бери иштеп келе жатканын айтышкан. 15%ы (Саны:3) 16-20 жылдан бери иштейм деген. Сурамжылоого 40 жылдан ашык иштеген 2 дарыгер (10%) катышкан.
Чакан илимий изилдөөнүн жыйынтыгында дарыгерлердин жумушунан канааттануусунун анын кандай мекемеде иштегенине байланышы жок экендиги аныкталган жана улгайган дарыгерлердин жумушка канааттануусу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле дарыгерлердин 35%ы (Саны:7) иш жеринде психологиялык зомбулукка кабыларын айтышкан. Жакшы айлык акы алам дегендердин баары (Саны:4) жумушунан толук түрдө ырахат аларын белгилешсе, 91%ы (Саны 16) жетишээрлик маяна албаса да, өз жумушун аткаруудан ырахат аларын айтышкан.
Алтынай НУРДИНОВА
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан алынды