Бишкектеги бардык диний мекемелер текшерилүүдө. Бул үчүн атайын шаардык казыят тарабынан комиссия түзүлгөн.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, диний окуу жайлардын жана мечиттердин имарат жана жер участогунун документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.
«Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө», — деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, бул текшерүү иштери Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдун тапшырмасына ылайык ишке ашууда.