"Эркин-Тоо"

Бишкектеги эс алуу бакта асынып алган эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектин Ала-Арча менен М.Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде  эркек киши асынып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкектин Ала-Арча жана М.Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуу багында 1974-жылы туулган М.у М. аттуу эркек адамдын бакта асылган сөөгүн түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине алты куткаруучу тартылган.