"Эркин-Тоо"

Бишкектеги Профсоюз көчөсү күзгө чейин салынып бүтөт

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүнүн уландысы болгон Профсоюз көчөсүн салуу иштери быйыл жазында башталып, күзгө чейин толугу менен аяктайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

“Быйылкы 2025-жылга чоң пландар коюлган, биз жасап баштаган иштер сөзсүз түрдө аягына чыгат. Учурда мамлекет эч кимден карыз албастан өзүнүн каражаты өзү жол кура турган деңгээлге жетти. Оңдолуп жаткан жолдун бардыгы, мисалы ошол эле Фучик, Профсоюз көчөсү, айланма жолдун курулуш иштеринин бардыгы аягына чыгат. Шаардын ичинде жасала турган 9 чоң көчөбүз бар, ошол көчөлөр, көпүрөлөрдүн бардыгы быйылкы жылдын планына киргизип, күзгө чейин бүткөрүлөт”, — деди Ырсалиев.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!