"Эркин-Тоо"

Бишкектеги ресторандардын биринде массалык уулануу болду

Бишкектеги «Улуу-Тоо» ресторанында массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ресторанда 15-апрель жана 18-апрель күндөрү той өткөрүлгөн. Салтанаттан кийин тамак-ашка уулануу белгилери менен бир нече адам ооруканага түшкөн.

22-апрелге карата медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 39 кишиге жетти. 15- апрелде өткөрүлгөн иш-чарадан кийин 27 адам , 18-апрелден кийин 12 адам ооруканага кайрылган.

Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. Ресторандын 31 кызматкери медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Ошондой эле «Улуу-Тоо» ресторанына 13 миң сом айып пул салынып, иши токтотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!