"Эркин-Тоо"

Бишкектеги суу көйгөйүн чечүү үчүн канча акча керектиги айтылды

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Марлен Маматалиевдин маалыматына караганда, Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн бюджеттен 100 млн сом бөлүү керек. Депутат шаар бюджетинде мындай акча жок болгондуктан реалдуу чечим издөөнү сунуштады.

«Азыр биз суу маселесин талкуулап койсок эле маселе чечилип калбайт. Эң аз дегенде төрт жерден суу чыгаруу үчүн бюджет бөлүнүшү керек деп сурашкан. Мэрияда акча жок. Азыр парламент бюджет маселесин чечип берип коёлу, тийиштүү акча бөлүнсүн. Менин билгениме караганда, 100 миллион сомдон 400 млн сомго чейин акча керек«, — деди депутат.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Бишкекте Баш-Кара-Суу суу тосмосунун жанынан төрт гектар жер, «Сельский» суу тосмосунун жанынан 3 гектар жер, «Контррезервуар» суу тосмосунун жанынан 4 гектар жер керек экенин айтты. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 милилондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы таза суу тартыштыгы жетекчилигине кесипкөй адистер келбегенинен пайда болуп жатканын айтты.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин маалыматы боюнча, Европалык банк тарабынан бөлүнгөн каржыга Орто-Алышта 35 суу алгыч (скважина) жасалган, учурда баары иштеп жатат.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Бул сууну шаарга жакын айылдардын тургундары да пайдаланат.

Өткөн жумада борбордо суунун тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Борбордун мэриясы 5-июнда жарандарды сууну үнөмдөп колдонууга чакырган билдирүү таратты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!