Бишкектеги жаңы автобекеттен Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттам ачылды.
“Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, rаттамды тейлөө үчүн 10 кичи маршруттук унаа даярдалды.
Алар күн сайын күндүзгү саат 12де жолго чыгат. Жол кире акысы 300-450 сомду түзөт, билеттерди онлайн сатып алса болот.