"Эркин-Тоо"

Бишкектен Москвага поезд каттай баштайт

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматта 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынганы айтылган. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө. Эскерте кетсек, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган эле. Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат. Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!