2023-жылдын жылдын октябрь айынан тарта Бишкектен Шарм-эль-Шейх жана Нячанг шаарларына түз каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрдан тарта Шарм-эль-Шейх — Бишкек — Шарм-эль-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Чартердик каттамдар кыш мезгилинде үзгүлтүксүз аткарылып, Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.
Ал эми 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдын Нячанг шаарынан шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.
“Жаңы каттамдар Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы байланышты чыңдап, туризм жана бизнес алмашууну жеңилдетет”, — деп айтылат маалыматта.