"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Бишкектин 7-кичи районунда адамды бычактаган деп шектелген жаран кармалды

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу, өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта) менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнда, Бишкектин 7-кичи районундагы турак жайдын короосунда адам бычакталгандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери жабырлануучунун 42 жашта экенин аныкташкан. Жабырлануучу тез жардам менен ооруканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.