IQAir абанын сапатын иликтеген дүйнөлүк сайтынын кечээги 25-ноябрдагы көрсөткүчүндө Бишкек 185 көрсөткүч менен абасы кир беш өлкөнүн алдыңкы катарына кирди. Бишкектен алдыда Дели, Дакка, Лахор жана Сараево шаарлары турат.
Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, ТЭЦ себепкер экени айтылып келет.