"Эркин-Тоо"

Бишкектин айрым райондорунда убактылуу таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 11-апрелде суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагына:

  • Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас проспектиси.;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү- Москва көчөсү-Фучик көчөсү — Казаков көчөсү кирет.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.