Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-майдан 8-майга чейин ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.