11-13-сентябрь күндөрү Бишкектин Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаздын» басма сөз кызматынан билдиришти.
Компаниядан маалымдашкандай, бул күндөрү газды жөнгө салуу пунктун (ШГРП № 11) алмаштыруу боюнча пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштер жылытуу мезгилине даярдоо максатында жүргүзүлөт.
«Бишкекгаз» абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.