"Эркин-Тоо"

Бишкектин айрым жерлеринде 17-май күнү ичүүчү суу токтотулат

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Суу шаардык суу түтүк тармагында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу токтотула турган аймактар:

  • Садовый көчөсү – Шабдан Баатыр проспекти – Валиханов көчөсү – темир жол тилкеси менен чектелген аймак;

  • 7-Апрель көчөсү – Ауэзов көчөсү – Исакеев көчөсү – Валиханов көчөсү менен чектелген аймак.

Тиешелүү кызматтар калкты алдын ала суу запасын камдап алууга чакырат.