"Эркин-Тоо"

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрдан 4-октябрга чейин №16 газды жөнгө салуу пунктунда жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Фрунзе, Сүйүмбаев, Ибраимов, Огомбаев көчөлөрү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!