"Эркин-Тоо"

Бишкектин бир катар көчөлөрү кеңейтилүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы  көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагы соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.