Бишкек мэриясы 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүн эки жылга жаап, ал аймакта чоң долбоордун курулушун баштайт.
Мэриянын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде экскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жай пайда болот. Бюджети 2 миллиард сом деп бааланган долбоорго каражатты шаардын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындары ээлик кылган «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» компаниялары салмакчы.
Эске салсак, «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» компаниялары жерди 49 жылга ижарага алганы белгилүү.