Бишкектин борбордук көчөлөрдөн кичи автобустарды чыгаруу уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Чыңгыз Айтматов жана Манас проспекттеринен кичи автобустук каттамдарды чыгаруу жүргүзүлүүдө.
Ага ылайык, бир канча коомдук транспорттун кыймыл чиймеси өзгөртүлдү.