Сейил бактар шаардыктардын жана борбордун конокторунун эс алуу зоналарын көбөйтүү максатында курулмакчы
Бишкектин эки конушунда сейил бак пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Босого конушунда 2,2 гектар жерге жана Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сейил бактары курулат.
Сейил бактар шаардыктардын жана борбордун конокторунун эс алуу зоналарын көбөйтүү максатында курулмакчы.