"Эркин-Тоо"

Бишкектин түштүк тарабында жаңы жол жана көпүрө курулат

Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуучу жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу узундугу 1,2 чакырым болгон көпүрө курулат.

Куттубаев көчөсүнөн «Маариф» мектебине чейин жаңы көчө пайда болот, ал эми Молдобосанов көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин уланат.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Байтик Баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктире турган көчө курулат.

«Бул чаралар борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордун түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүн бириктирген транспорттук коридорлор менен камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жолдор курулуш компанияларынын салымынын эсебинен курулуп, 240 миллион сомго жакын каражат каралган», — деп белгиледи мэрия.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!