Анда акыркы жылдары батирди ижарага берүү акысы кескин жогорулап, студенттер, балалуу үй-бүлөлөр, улгайгандар батир издеп кыйналып жатканы белгиленген.
Бишкекте бир бөлмөлүү батир 45 миң сомдун тегерегинде болсо, эки бөлмөлүүлөр 50 миңден 60 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөр 50 миңден жогору болууда. Кымбат райондордо батирди 140 миң сомго чейин ижарага бергендер бар. Петицияны жазгандар абал өзгөрбөй, баа ушинтип кымбаттай берсе, элге убал болорун белгилешкен.