Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде болушу керектигин эскертти. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Кудай берген кыргыз тилинде жана өзүбүздүн кириллица тамгасы менен жазып койсо болбойбу?! Жакшынакай кылып, «Белладжо» деп. Албетте өзүбүздүн тилибизди жана тамгаларыбызды сыйлайлы! Бренд кылгыбыз келсе, Кыргызпатент деген бар, ошол жакка барып патентин алып, тийиштүү иш кагаздарын алып иштеш керек, туугандар!» — деп жазды вице-мэр Нурдан Орунтаев.
Белгилей кетсек, буга чейин Bellagio кафесинин социалдык тармакта жарыялаган видеосу сынга алынып, «кыргыз тилинде тейлөөнү сураган кардарларын шылдыңга алууда» делип, коомчулуктун терс пикири жаралган. Кийин аталган кафенин жетекчилиги кечирим сураган билдирүү жасаган.

