"Эркин-Тоо"

  Биз билген жана билбеген Айтматов

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Адам түбөлүктүүлүгү эс тутумда” деген китепти жарыкка чыгарды. Бул китепти жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана жазуучунун жээни Асан Ахматовдор жазышкан. Китептин бет ачарына белгилүү акын-жазуучулар, окмуштуулар, маданият ишмерлери, Кыргызпатенттин кызматкерлери, авторлор келишти. Айтматовдун чыгармалары, жашап өткөн өмүр жолу тууралуу жазылбай,  айтылбай калган дагы эмнелер болушу мүмкүн? Бир карасаң баары эле небак изилденип жазылгандай сезилет. Көрсө, бар экен. Ага дал ушул китеп эң сонун мисал боло алат. Бул китепте жазуучунун окурмандарга, коомчулукка али белгисиз бойдон келе жаткан бала кездеги, турмуштагы ар кандай окуялары тууралуу кызыктуу баяндар кирген. Китеп диалог иретинде жазылган.  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева буларга токтолду:

— Бул китеп  “Манас эпосунун үчилтиги жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин жарлыгынын негизинде ишке ашып олтурат. Бул китеп кыргыз тилинде 500 жана расмий тилде 500 болуп 1000 нускада жарык көрдү. Китептер борбор шаардагы жана жер-жерлердеги китепканаларга жана республикадагы бардык айыл өкмөттөрүнө жеткирилет.

Китептин баш сөзүн жазган саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков  китептин Айтматов тууралуу буга чейин жазылып келген китептерден, даректүү баяндардан болгон айырмачылыгы, өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылды:

— Айтматовдун феномени, анын өмүр баяны, басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, жазуучу жараткан образдар жүздөгөн, а балким, миңдеген жылдар бою изилденет. Анткени, анын каармандары кандай  доор болбосун, адамды ойлонтот, санаага салат, сезимдер дүйнөсүн уйгу-туйгу кылат. Бул китепте Айтматов-прозаиктин чыгармачылыгы же анын китептери жөнүндө сөз болбойт. Мында жазуучунун бир тууган карындаштары Розетта Айтматова жана  Люция Айтматованын уулу-жазуучунун жээни Асан Ахматов Чыңгыз Төрөкулович тууралуу, анын жашоосун аны менен кошо жашаган эң жакын адамдары гана билиши мүмкүн болгон белгисиз жактары жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшөт. Бардык баяндалган окуялар өтө тар чөйрөдө, үй-бүлө ичинде гана болгон. Бул китеп дал ошонусу менен айырмаланат.

Роза Айтматова улуу жазуучунун көзү өткөндөн кийин Айтматовго байланыштуу өткөн бардык иш-чараларга, кала берсе чет өлкөлөрдө болгон жыйындарга да активдүү катышып келет. Ошол үчүн элдин  эжеге болгон урмат-сыйы да өзгөчө. Анан да эженин  үнү, кыймыл-аракети, кебете-келбети агасына аябай окшош:  

— Биз төрт бир тууганбыз. Ошолордун балдарынын ичинен Люция эжемдин Асан аттуу баласы Чыңгызга өзгөчө жакын болуп эр жетти-деп сөз баштады Роза Айтматова. Ал бир күнү мага келди да алдыма үн жазгычты коюп, Чыңгыз жөнүндө ар түрдүү суроолорду бере баштады. Бул китеп диалог түрүндө жазылды. Асандын суроолоруна жооп берип жаткан кезде Чыңгызга байланыштуу үй-бүлөдө, жакын туугандар арасында болгон бир топ окуялар эсиме түштү. Биздин үй-бүлөнүн жакшы бир салты бар эле. Алыс-жакында жүргөн туугандардын баары чогулуп маал-маалы менен дасторкон четинде жолугушуп, өз ара пикир алышып, сүйлөшүп турар элек. Ошондой кечелердин биринде Ильгиз акемин жубайы Розалия Жээнчороева кесибине байланыштуу Кыргызстандын тоолорундагы кен байлыктар тууралуу кеп кыла баштады. Ошол жылдары,  менимче 1963-1964-жылдар болсо керек эле  биринчи жолу Чыңгыздын оозунан “экология” деген сөздү уктум. Ал сөздү биз эмес, Фрунзедеги аттуу-баштуу интеллигенция өкүлдөрү деле уга элек, биле элек мезгил болчу. Розалиянын сөзүн кунт коюп угуп  олтурган Чыңгыз “Роза сен ошол табылган кен байлыктарды мына бул жерде жатат деп картага белгилебей эле койчу. Кенди казганда жердин кыртышы, суусу, экология бузулат. Ал турсун аба да бүлүнөт. Анын эмне кереги бар. Андан көрө жаткан жеринде жата берсин.  Адамдарга, жан-жаныбарларга зыяны тиет” деди.  Дагы бир окуяны айтып берейин. Чыңгыз 3-класста окуп жүргөн кезинде окуучуларды пионерге кабыл алып калат. Чыңгызга кезек келгенде пионер вожатый эжейи “Чыңгыз биз сени пионерлердин катарына кабыл ала албайбыз. Анткени, сенин атаң…” дегенде эле Чыңгыз класстан атып чуркап чыгат.  Андан аркы сөз кандай уланарын ал жедеп билип бүткөн. Чыңгыз балдар топ ойноочу аянтка чыгат да ыйлап жүрө берет. Анан ал мектептин жанындагы сайга барат. Ал жерде майда булактар көп болчу. Чыңгыз ошол шылдырап аккан булактарга, кооз гүлдөргө, чөптөргө суктанып карап  олтуруп, баягы өпкөзү казандай болгон таарынычын унутуп, үйүнө келет. Кийин эр жетип жазуучу болгондо ошол булак тууралуу “Ботокөз булак” деген аңгеме  жазды. Үчүнчү класстын окуучусу үчүн бул аябагандай чоң басынтуу, кордук эмеспи. Чыңгыз 14 жашынан тартып айылдык сельсоветте катчы болуп иштеди. Көрсө, биздин атабыз Төрөкул да 1920-жылы  16 жаш курагында ошол эле Чыңгыз иштеген сельсоветте секретарь болуп иштеген экен. Айтайын дегеним, атасы менен баласы өспүрүм кездеринде өзүнүн айылына, элине кызмат кылышкан”.

Жазуучунун жээни, ушул китептин жаралышына түздөн-түз себеп болгон Асан Ахматов деген жигит бар. Анын эскерүүлөрү ар бир адамдын өзөк-жүлүнүн аралап өтүп, бирде кайгыга салса, бирде жашоого, өмүргө болгон үмүттүн шооласын жандырат:

“Өзүм көркөм чыгарма жазам деп эч качан ойлобоптурмун. Азыр Чыңгыз Айтматовго арналган “Эркектер ыйлаганда” деген алгачкы повестимдин пайда болушуна эмне себеп болгонун ойлоп олтуруп (мен анда кырк жашта элем), каны-жаны бир, жакын адамымды жоготкондо бул мага чоң түрткү болгонун түшүндүм. Чыңгыз Төрөкуловичтин карындашы Люциянын уулу-жээндеринин эң кичүүсү болгондуктан, жашоодо да ага баарынан жакын болдум. Ал чет өлкөдө элчилик кызматын алгач СССРдин Люксембургдагы элчиси, андан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап жүргөндө далай жолу аны тосуп алып, узатып калдым. Бирок, ошол каргашалуу 2008-жылы мен “Манас” аэропортунан анын сөөгү салынган табытты Германиядан учуп келе жаткан жүк-200дү күтүп жаттым… бул мага өз ата-энемди жоготкондой чоң трагедия болчу. Күнү бүгүнкүдөй эсимде…Самолеттор учуп чыкчу тилкенин четинде туруп, үнсүз ыйлап жаттым. Асманда анын сөөгүн алып келе жаткан самолет кара чекит болуп көрүндү. Көз жашым тумчуктуруп көмөкөйүмдү темир даамданган ачуу кесек бууду…Жаным ачыганына чыдабай турдум. Чымчыктар да мени менен кошулуп ыйлап жаткандай туюлду. Мен эң жакшы көргөн, эң жакын, ушундай ишенимдүү адамым эми жок экенине ишене албай турдум…”

Китептин бет ачарында белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган “Махабат дастаны” деген ырын сыбызгыта ырдап берди. Ал эми Кундуз Камчыбек кызы “Найман эненин” монологун бабына келтире аткарды.

 

 

  Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№9 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-февралы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!