"Эркин-Тоо"
Агрессия Эркин Тоо гезити

Биз кайда баратабыз?

Акыркы жылдары өлкөбүздүн ички жашоо-тиричилигинде, жарандар арасындагы мамиледе чыдамсыздык, социалдык чыңалуу, агрессия күнүмдүк көрүнүшкө айланып баратканы эл ичинде көп сөз болуп келет. Бул өтмө психологиялык абалбы же калк арасында жаралган орчундуу коомдук көйгөйбү? Же элдин мүнөзүбү? Эмне себептен адамдар бири-бирине кыжырданып, заар тили менен кордоп, күч колдонгонго чейин барып, дипломатиялык тынч диалогду унутуп баратышат? Бул суроолор албетте жалпы коомчулукту ойлонтууга тийиш.

Кыргыз жарандары 30 жыл ичинде бир нече жолу саясий, экономикалык жана моралдык сыноолорду башынан өткөрдү. Революциялар, кадрлардын күтүүсүз алмашуусу, билимсиз жана билгиликсиз “чоңдордун” мамлекеттик жетекчилик кызматтарга дайындалышы, кылмыш дүйнөсүнүн мамлекеттик кызматтарга ачык кирип келиши, мыйзамдын туруксуздугу, коррупциялашкан уюшкан кылмыштуу топтордун биригүүсү элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин дээрлик жокко чыгарып койгон. Коом үмүт менен баштаган көз карандысыздык мезгилин 30 жыл аралыгында шектенүү жана нааразычылык менен жашап келди. Социологдор мындай абалды “жалпы улуттук чарчоо” деп аташат. Бул – чарчаган элдин ачуусу, үмүтсүздүктөн жаралган жагымсыз жагдай. Эл кимдир бирөөгө, балким өзү билбеген күнөөлүү тарапка таарынган абалда жашаганда мына ушундай агрессия келип чыгарын илимпоздор далилдеген. Ар бир элдик толкундоолордун жыйынтыгы менен ишке ашкан төңкөрүштөр коомчулук арасында жаңы үмүт жаратып, бирок 2020-жылга чейин революциялык жол менен келген бийлик башындагылардын ишке ашпай калган убадалары караламан элдин үмүтүн өчүргөнү маалым. Мындай шартта турмуш кечирген карапайым элдин аң-сезиминде келечекке болгон ишенбестик менен кооптонуу орноп – бул психологиялык коргонуу механизмин ишке киргизип, соңунда агрессияга алып келген.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ИШТЕГЕНДЕР КОСМОСТУК ЫЛДАМДЫКТА БАЙЫГАН

Карапайым эл 2020-жылдарга чейин төбөсү менен жер казып иштесе да материалдык муктаждыгы чечилбей, инфляция жогорулап, жумушсуздук күчөгөн. Өзгөчө жаштар арасында туруктуу ишке орношо албай жүргөндөр көбөйгөн. Ал эми ошол эле учурда мамлекеттик бийликте иштеген адамдар космостук ылдамдык менен байып, бир ууч мамлекеттик чиновниктердин чектен чыккан “керемет” жашоосу эл ичинде адилетсиздик сезимин күчөткөн. Бул сезим көрө албастыкты эмес, системага болгон жек көрүүнү жараткан. Мындай шартта мамлекеттик жетекчилерге таарынган ар бир адам – потенциалдуу агрессивдүү субъектке айланары талашсыз. Бул көрүнүш коомдук туруктуулук үчүн чоң коркунуч жаратары белгилүү. Туруксуз коом — түбөлүк чыңалууда жашайт, ал эми чыңалган коом – сөзсүз агрессия менен жооп берерин үч жолку бийлик алмашуу менен бүткөн элдик толкундоолор көрсөттү.

Коомдогу адамдарды баалоодогу теңсиздик сезими – агрессиянын башкы булагы. Карапайым эл жогорку билими, адал эмгеги менен ийгиликке жете албай жатканда, бир ууч коррупциялашкан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү ачык эле эбегейсиз байлыкка, мамлекеттик чоң кызматка ээ болуп жатканы эл арасында ичи тардык же көрө албастык эмес, адилетсиздикке болгон каршылыкты жаратып келди. Жумушсуздук, аз өлчөмдөгү айлык акы, тиш чукуганга жарабаган минималдуу пенсия, териштирүүнүн негизинде берилген пособиелер, медицинадагы коррупция, билим берүү системасынын мажүрөө сапаты сыяктуу коомдогу мамлекеттик бийлик тарабынан көзөмөлгө алынбай келген жагымсыз көрүнүштүн баары жөнөкөй жарандарды “эч кимге кереги жок адам!..” деп иргеп, сортко бөлүп койду. Мындай жагдай өзүн коргоо үчүн пассивдүү же активдүү ички агрессияны жаратууга түрткү берди. Бүгүнкү коомчулук арасындагы агрессия өткөн 30 жылдык коррупциялашкан кылмыштуу топтун катардагы жарандарга тийгизген таасиринин калдыктары. Алиге чейин карапайым жарандардын беймаалым тараптарга ички таарынычы бар экенинин белгиси.

ЖАШТАР КЫРГЫЗСТАНДАН ӨЗ КЕЛЕЧЕГИН КӨРБӨЙ КАЛГАН

Медиа менен интернет айдыңындагы социалдык тармактар отко май тамызбашы керек. Интернет – коомчулуктун үнүн мамлекеттик жетекчилерге жеткирген аянтча милдетин аткаруусу шарт. Бүгүн тилекке каршы, социалдык тармактарда агрессивдүү комментарийлер, буллинг (Буллинг – агрессорлордун тобу тарабынан жабырлануучуга туруктуу психологиялык же физикалык кысым көрсөтүү), кандайдыр бир экинчи тарапты жек көрүү, заар тил, келекелөө, басмырлоо менен жазылган пикирлер күн сайын жарыяланып, элдин аң-сезимин ууландырып жаткан фейк маалыматтар көп орун алып келет. Диалог маданияты жоголуп, ар ким өз чындыгын гана туура деп эсептеп калган жагдай интернет тармагында дале өкүм сүрүүдө. Демократиялык өлкөдө жарандар жеке көйгөйлүү маселесин эркин айтып, расмий бийлик бутактарына кайрылып, акыйкат жооп алууга укуктуу. Бирок Кыргызстанда 2020-жылдарга чейин бул каналдар жабылып, “ит үрө берет, кербен жүрө берет” прицибине өткөн. Өз үнүн мамлекеттик бийлик бутактарына жеткире албаган эл акырында маселени кара күч менен чечүүгө же кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө кайрылууга аргасыз болгон учурларга да күбө болгонубузду жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Мындай көрүнүштөр албетте коомчулук арасында психологиялык агрессияны күчөтпөй койгон жок.

Өлкөдөн сыртка чыгып кетүү – буга чейин жаштардын башкы “планы” болуп калган. Кыргызстанда калууну каалаган жаштар абдан азайган. Себеби, алар бул жакта өз келечегин көрбөй калган. Миграция массалык салттуу көрүнүшкө айланган. Бул – бир жагынан жашоо-тиричиликке жеңилдик бергени менен экинчи жагынан коомдун ички структурасын бузганына күбө болдук. Мигранттар чет мамлекеттерден башкача дүйнө тааным менен кайтып келип жатышты. Чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен карапайым элдин ортосундагы ишенимдүү мамилеге, экономикалык мыкты өсүштөргө, коргонуу, коопсуздук маселелеринин ишенимдүү бекемдигине суктанган жаштардын саны арбыды. Ал эми өз өлкөсүндөгү – жакырчылык, жумушсуздук, мамлекеттик бийликтин коррупциялашкан уюшкан кылмыштуу топ менен биригип алып карапайым элге жасаган түшүнүксүз мамилеси иренжүүгө алып келди. Ошентип, ички жана тышкы тажрыйбалардын кагылышуусу дагы бир психологиялык жараканы жаратып, элдин агрессиясынын күчөшүнө негиз болду. 2020-жылга чейин себепсиз саясий каралоолор, куугунтуктар, душман издөөлөр менен алектенген бийлик өкүлдөрү карапайым элдин көйгөйүн унутуп, коррупциялык уюшкан кылмыштуу топ менен коюн-колтук алышып, элди көзгө илбей, элдин – мамлекеттин мүлкүн ачык эле жеке кызыкчылыгына колдонгонду адатка айлантышты.

КООМ АГРЕССИВДҮҮ БОЛУП КЕТТИБИ, ДЕМЕК – КООМ ООРУП КАЛДЫ

Ошол 30 жыл аралыгында өлкөдө бирдиктүү улуттук идеология байкалбай калды. Бир тарап “салттуу баалуулуктарды” карманса, экинчи тарап түрдүү диний ишенимдерге таянып, үчүнчү тарап батыш өлкөлөрүнүн түшүнүктөрү менен жашап келди. Мындай бөлүнүүлөр – жаштардын, үй-бүлөлөрдүн, ал тургай мамлекеттик деңгээлдеги ич ара карама-каршылыктарга алып келди. Ушул сыяктуу жалпы улуттук идеянын жоктугу – коомду топ-топко бөлүп, ар ким өз түшүнүгүнө жараша турмуш кечирип, бирок бири-бирин түшүнбөгөн агрессивдүү коомдун түптөлүшүнө негиз болду. Коомдогу агрессия – бул өзүнөн өзү пайда болчу нерсе эмес. Бул – кечиктирбей дарылоону талап кылган коомдук жара. Агрессивдүү коомдун өкүлдөрүн жазалоо же көз жаздымда калтыруу туура эмес. Алардын көйгөйүн түшүнүү, анализдөө жана чечүү зарыл. Агрессия бул – коомдун оорусу эмес, ооруга болгон элдин жообу. Эгер адам таарынганын айта албаса – ал эмоцияга алдырып кыйкырып, урушуп баштайт. Кайталап айтсак ашыкча болбойт, агрессия – бул коомдун ооруканага түшкөнүнөн кабар берүү. Коом агрессивдүү болуп кеттиби, демек – коом ооруп калды. Бул агрессия – кечигүүсүз дарылоого муктаж. Эгер мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр бир максатта бүгүнкүдөй чечкиндүү кадамдарга барбаганда, коом өзүн-өзү жей баштамак. Учурда мамлекеттик бийлик, укук коргоо органдары тарабынан аткарылып жаткан төмөнкү орчундуу маселелерге дагы да көңүл буруу зарыл:

–   Билимге жана эмгекке негизделген социалдык лифттердин ишке кирүүсү;

–   Мыйзамдын диктатурасын камсыз кылуу жана сот адилеттигин калыбына келтирүү, укук коргоо, шайлоо системалары карапайым элдин ишенимине ээ болушу;

–   Жаштарга реалдуу мүмкүнчүлүк берүү (жумуш, чыгармачылык, коомдук трибуна) билимдүү, жөндөмдүү жаштар өз өлкөсүндө татыктуу жумуш орунун таап, өзүнүн алган билимин мамлекеттин келечеги үчүн жумшоосу;

–   Сөз эркиндигин мыйзам ченемдүү сактоо, бирок агрессияны жайылткан медиаларды чектөө;

–   Идеологиялык боштукту толтуруу, баалуулуктарды кайтаруу, тажрыйбалуу муунду тартуу;

–   Мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуу – жалпы улуттук биримдикке, элди ынтымакка чакырып, дух берген улуттук идея;

–   Миграцияны башкаруу саясаты – чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүргөн мигранттардын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө, алардын чет мамлекеттен алган билимин, тажрыйбасын пайдаланууга шарт түзүү;

–   Социалдык диалог түзүү – коом менен бийликтин ортосунда ачык, ишенимдүү байланыштын болушу.

Коомдун агрессиясы – бул мезгилдин коңгуроосу. Аны укпай коюу – тынчтыктын акыркы үнүн жоготуу дегенди билдирерин илимпоздор аныктаган. Коомдо агрессиянын көбөйүшү – өтө кооптуу белги. Бул көрүнүштү сезбей коюу же “элдин мүнөзү ушундай” деп түшүндүрүү – эртеңки жарылууга шарт түзүү. Азыркы мамлекеттик бийлик, укук коргоо органдары тарабынан аткарылып жаткан иштер – коомду айыктыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүктөрдүн бири болушу ыктымал. Ошондуктан агрессияны токтотууга болгон иш аракетти дагы да күчөтүү зарыл.

“Биз кайда баратабыз?” деген суроону эртең эмес бүгүн, күн сайын өзүбүзгө-өзүбүз берип туруубуз зарыл.

Бахпурбек Аленов