Ырчы Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип жарашты. Бул тууралуу ырчы айым тарабынан маалым болду.
«Мындан ары жашыруунун эч кандай мааниси жок деп ойлойм. Биз кайрадан биргебиз. Мен эне катары кызымдын моюнуна мындай жоопкерчиликти жүктөгүм келбейт. Кызыбыз үчүн гана жараштык деген туура эмес.
Биз чоң адамбыз. Бул биздин чечимибиз. Демек, сүйүү жеңди.
Мындан ары эмне болору Кудайга гана белгилүү. Биз өз кезегибизде үй-бүлөбүздү бекемдөөгө аракет кылабыз. Биз оор сыноодон өттүк. Ага карабастан, үй-бүлөбүздү сактап калдык», — дейт ал.