"Эркин-Тоо"
Саамалык Эркин Тоо гезити

Биз – таза Кыргызстан үчүн!

Мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевич элибизди курчап турган айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого, таштанды таштабоого үндөп “Биз келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз. Таштандыны ким таштап жатканына карабастан – туристтерби же жергиликтүү тургундарбы, таштандыны көргөндө, жанынан өтүп кетпей, аны чогултуп, жакын жердеги таштанды челекке салыңыздар. Бул кыйын эмес, колуңар булганып калбайт. Кыргызстандыктар буга өзү кам көрбөсө, биз үчүн башка эч ким жасабайт. Эгерде биз жаратылышка ушунчалык кайдыгер болсок, аны 10-15 жылда, 20-30 жылда эле жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми жаратылыш түбөлүк жана өлкөбүз таза болушу керек. Биз келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз” деп кайрылган. Ал тургай ажобуз өзү баш болуп   Президенттин Администрациясынын жана иш башкармалыгынын жетекчилигин, кызматкерлерин төш кылып, таштандыларды чогултуп ишембиликке чыкканы баарыбызга үлгү болгон.

Президенттин сөзүндө калет жок. Чындап, адам баласынын жашоосунда ден соолук бул – эң биринчи байлык. Ар бир адам ар дайым ден соолукка кам көрүп, туура тамактанып, таза абада дем алуусу шарт. Таза абада дем алып, өздүк гигиенаны эле эмес, айлана-чөйрөдөгү тазалыкты сактаса ден соолуктун чың болоору анык. Мындан улам, журт атасы Садыр Нургожоевичтин кайрылуусун чын жүрөгүбүздөн кабыл алып, аба таза болсун десек, дарактарды кыйбай, жаратылышка аяр мамиле жасап, таштандыларды таштабоону милдет катары кабыл алалы.

Ушул жылдын 30-июнунда “Кут билим” гезити “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жамаатына “Биз – таза Кыргызстан үчүн!” ишембилик эстафетасын тапшырган. Аталган эстафетаны алыска узартпай “Биз – таза Кыргызстан үчүн ар дайым кызматтабыз!” деген ураан менен  “Эркин-Тоонун” жалпы жамааты “Кыргызстан” санаторийинин аймагындагы таштандыларды чогултуп, ишембиликке чыгышты.

Жазгүл КАРБОСОВА,

КРнын “Эркин-Тоо” мамлекеттик

расмий гезитинин башкы редактору