Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду.
Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда Президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн, деп билдирет КР Президентинин басма сөз кызматы.

