"Эркин-Тоо"

«Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Башкы прокуратура менен бизнес коомчулук биргелешип “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси бизнеске карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү электрондук форматта каттайт.

Кечээ, 26-апрелде ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму өттү. Ага Башкы прокуратуранын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда өткөн жылдагы аткарылган иштер талданып, 2023-жылга карата пландар бекитилди. Ага ылайык, салык текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн прокуратура органдарында катталуучу текшерүүлөрдүн тизмесине киргизүү, жарандык-административдик тартипте чечилүүгө тийиш болгон учурларда кылмыш иштерин козгоого жол бербөө жана аткезчиликке каршы күрөшүү маселелери каралды”,- деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!