"Эркин-Тоо"

Блогер Батмакан Жолболдуева камакта калтырылды

Кечээ, 13-майда саат 16:00дө Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, буга чейин 21-апрелде Ош шаардык сотунда журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасы каралган. Ал тергөө мөөнөтү аягына чыкканга, тактап айтканда 26-майга чейин камакта калтырылган.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренеси – 127-берене (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү), 190-берене (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) жана 280-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иш козголду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!