Бишкекте 1941-жылдын 8-сентябры – Ленинград блокадасынын башталган күнүнө карата «Блокада жаңырыгы» акциясы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Мугалимдер менен окуучулар Ыйык Владимир князынын мектебине, «Российская газета» басылмасынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнө жана №60 орто мектепке барышты. Окуучулар ар бир аялдамада согуш жөнүндө ырларды жана Даниил Гранин менен Алесь Адамовичтин «Курчоодогу китеп» чыгармасынан үзүндүлөрдү окушту. Балдар ошондой эле блокадачыларга ыраазычылык каттарын жазышты. Ошол кездеги адамдардын тагдыры, азап-тозоктору тууралуу айтып беришти. Акция Даниил Граниндин мурасын сактоо жана жайылтуу фондунун демилгесинин алкагында өттү.
Бул иш-чаранын максаты – жаш муундарга тарыхты жеткирүү. Улуу Ата Мекендик согуштагы курман болгондорду эскерүү жана Ленинград блокадасынын тарыхый маанисин жаш муунга жеткирүүгө жана тынчтыктын баа-баркын даңазалоого багытталган.
«Блокада жаңырыгы» эрдиктин жана эскерүүнүн символу болгон Ленинградды, тарых сакталган Юграны жана блокададагы Ленинграддан келген балдарды кабыл алып, өз жоокерлерин Невскийге жөнөткөн Фрунзе шаарын бириктирди. Акция совет элинин эрдиги менен кайраттуулугун эскерткен иш-чара болуп калат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1941-жылдын 8-сентябрында Германиялык жана финдик күчтөр шаарды курчоого алышкан. Бул окуя адамзат тарыхындагы эң оор курчоолордун бири болуп эсептелет. Шаарга бардык жер аркылуу жолдор тосулган. Кышында бир гана Ладога көлү аркылуу муз үстүнөн азык-түлүк жана жардам жеткирилип турган. Курчоодо 1 миллиондон ашуун адамдардын көбү ачкачылыктан жана сууктан каза болгон. Каргашалуу окуя 1944-жылдын 27-январында аяктаган, мындайча айтканда 2 жыл 4 айга жакын созулган.
Бактыгүл Кулатаева